Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Кадамжайдагы жарнама чатагы боюнча 8 жаран кармалды


Кадамжай районунун аймагындагы саясий партиялардын жарнамаларын сыйрып салуу фактысы боюнча 8 жаран кармалып сурак берүүдө. Алар “Республика-Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү экенин Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Факт боюнча кылмыш иши козголду.

Мурдараак “Кыргызстан” партиясы Кадамжайда жарнамаларын бирөөлөр айрып салганы боюнча милицияга кайрылган. Алар келтирилген зыян 200 миң сомдон ашуун экенин айтууда.

"Республика - Ата Журт" партиясы бул боюнча комментарий бере элек.

Райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчи орунбасары Алдаяр Имамназар уулу билдиргендей, 26-сентябрга караган түнү Кадамжай шаарында, Халмион жана Орозобеков айыл аймактарында бир канча жарнамалык баннерлер жыртылган.

Ал арада жыртылган жарнамалар арасында "Кыргызстандан” сырткары, башка партиялардыкы да бар экени аныкталды.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG