Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:15

"Республика Ата-Журт" атаандашынан айың кептерди токтотууну талап кылды


"Республика Ата-Журт" партиясы "Кыргызстан" партиясынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы жарнамаларын сыйрыган адамдарга тиешеси жок экендигин билдирди.

"Республика Ата-Журттун" басма сөз кызматы "Кыргызстан" партиясы айың кеп таратып жатканын “Азаттыкка” маалымдап, муну токтотууну суранды.

26-сентябрга караган түнү Кадамжай шаарында, Халмион жана Орозбеков айыл аймактарында бир катар партиялардын үгүт жарнамалары сыйрылган. Бул боюнча милиция кылмыш ишин козгоп, 8 жаранды кармаган жана алар "Республика Ата-Журттун" өкүлдөрү экенин билдирген.

Милицияга арызды “Кыргызстан” партиясынын Баткен облустук штаб башчысы жазган. Ал келтирилген чыгым 200 миң сомдон ашуун экенин белгилеген.

Маалыматтарга караганда, сыйрылган жарнамалар арасында “Кыргызстандан” башка партиялардыкы да бар.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. (SE\JM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG