Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Талиптер Кундуз шаарына кайрадан чабуул койду


28-сентябрдын таңында талип согушкерлери Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясына чабуул коюшту. Аймактык полициянын башчысы Саид Сарвар Хусейнинин айтымында, талиптер менен армиянын салгылашуусу азыр да уланууда. Ок атышуулар жана артиллериянын үнү шаардан угулуп, Ооганстандын согуштук тик учагы Кундуздун четинен кол салган согушкерлерге сокку урууда. Жыйырмага чукул аскер мерт кеткени айтылды. Жергиликтүү тургундардын арасынан канча киши өлгөнү тактала элек.

НАТОнун аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин 2014-жылдын декабрь айында жана 2015-жылдын апрель айында да талиптер Кундузга чабуул жасашкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG