Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 02:53

Ооганстанда крикет оюну учурундагы жарылуудан 9 адам өлдү


Ооганстандын Пакистан менен чектешкен түштүк-чыгыш Пактик провинциясында крикет оюну учурунда жанкечти өзүн жардырып, 9 адам мерт кетип, 30 киши жараланды. Жарылууну оюнду көрүп отурган расмий бийлик өкүлдөрүн өлтүрүү максаты менен мотоциклчен киши жасаганы божомолдонууда.

Ушул эле аймакта 2014-жылы волейбол талаасында жарылуу болуп, 50 киши каза тапкан. Ооганстандан чет элдик аскерлер чыгып кеткенден кийин жергиликтүү полиция талибдер менен "Ислам мамлекетинин" уюшкан топторунун чабуулу алдында калды. 27-сентябрда Нангахар провинциясында бир нече чабуул болуп ондон ашуун полиция кызматкери мерт кеткен. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG