Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Орусияда октябрдан тарта эл аралык Visa төлөм системасы иштебейт


“Коммерсант” гезитине чыккан кабарда Орусиянын банктарында мурдатан иштеп келген эл аралык Visa төлөм системасы 2015-жылдын 1-октябрынан тарта иштебейт деген эскертүү жасалды. Орусиянын мыйзамдарына ылайык аталган күндөн баштап, бардык банктык төлөмдөр Улуттук төлөм системасына же НСПКга (Национальная система платежных карт) өтүшү керек.

Visa жана MasterCard өз кардарларын НСПК системасына өткөрбөсө чоң акчалай камсыздоо төлөөгө милдеттендирилет. MasterCard Орусиянын жаңы төлөм системасы менен ушул жылдын март айынан бери иштеп келатат. Жазында Visa менен MasterCard АКШнын Орусияга багытталган санкцияларынан кийин айрым орус банктарын тейлебей калган. Ушундан кийин Орусия бирдиктүү улуттук төлөм системасын киргизген. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG