Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Ташиевдин талапкерлиги каттоодон алып салынды


“Республика Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин парламенттик шайлоого талапкерлиги каттоодон алып салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. БШК өкүлдөрү бүгүн жыйынга чогулуп, ушундай чечим кабыл алышты.

Ташиев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповду сабап койгону кабарланып, факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуя 26-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук штабында түштөн кийин болгон. Партиянын маалымат кызматы Ташиев Абдыбахаповго эч себепсиз кол көтөргөнүн айтып чыккан. Абдыбахапов ооруканага жаткан.

Ташиев мушташ болгонун тастыктап, бирок муну “Өнүгүү-Прогресс” партиясындагылар уюштурган атайын чагымчылык деп атаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG