Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

“Республика Ата-Журт”: БШК чагымга таянып чечим чыгарды


“Республика Ата-Журт” партиясы Камчыбек Ташиевдин депутаттыкка талапкерлигинин алып салууну чагымга таянып чыгарылган чечим деп сыпаттады. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев билдирди:

- Ташиев менен Абдыбахаповдун жаңжалынан кийин факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ташиевге козголгон эмес. Окуя иликтенип жатат. Ал аягына чыга электе БШКнын мындай чечим кабыл алганы бизди таң калтырды. Муну чагым деп атасак болот.

Ташиев менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповдун ортосундагы жаңжалдан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин бүгүн каттоодон алып салды.

Окуя 26-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук штабында түштөн кийин болгон. Партиянын маалымат кызматы Ташиев Абдыбахаповго эч себепсиз кол көтөргөнүн айтып чыккан. Абдыбахапов ооруканага жаткан. Ташиев мушташ болгонун тастыктаган, бирок муну “Өнүгүү-Прогресс” партиясындагылар уюштурган атайын провокация деп атаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG