Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Бишкекте Кыргызстан – Чехия ишкерлик форуму өттү


Кыргызстандагы жана Казакстандагы Чехия элчилиги Бишкекте 28-сентябрда биринчи жолу кыргыз-чех ишкерлик форумун уюштурду. Форум Кыргызстандын жана Чехиянын ишканаларынын ортосундагы экономикалык байланышты өнүктүрүү максатында уюштурулган. Чех элчиси Элишка Жигова эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу көрсөткүчү төмөн болгону менен, Чехия Кыргызстанга өнөр жай, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармактарында алдыңкы жана арзан технологияны камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар. "Ал эми Кыргызстан Чехияга виза жоктугунан улам туристтерди тарткан эко-туризми үчүн кызыктуу" деп айтты Элишка Жигова.

Тарых маалыматтары боюнча, кыргыз-чех кызматташтыгынын башаты өткөн кылымдын башына барат. 1923-жылы Чехословакияда түптөлгөн “Интергельпо” кооперативи Кыргызстанга келип, көп кабат үйлөрдү куруп, өнөр жайларды иштеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG