Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Бабанов: БШКнын чечими мыйзамсыз


Бул тууралуу “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынында билдирди. Ал партиянын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевди БШК шайлоого ат салышуудан алып салуу тууралуу чечимин “мыйзамсыз жана кош стандарттуулук” деп баалады. Бабановдун айтуусунда, адамды күнөөлүү деп табууга тергөө органдары гана укуктуу.

Бүгүн БШК “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкерине кол көтөрдү деген жүйө менен шайлоого катышуу укугунан ажыраткан чечим чыгарган.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкери Абдыманап Абдыбахапов 26-сентябрда түштөн кийин аны Камчыбек Ташиев сабап салганын айтып, милицияга кайрылган. (ZKo/ZB)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG