Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

“Республика Ата-Журт” митинг-пикет уюштурбайт


Бул тууралуу партиянын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев бир ооздон журналисттерге билдиришти. Алар Ташиевди талапкерлердин тизмесинен четтетүү боюнча БШКнын аракетине митинг-пикет сыяктуу элди көчөгө чыгармай акциялар менен жооп берүү болбой турганын эскертишти. Партия лидерлери тарапкерлерине кайрылып, шайлоого мурдатан кандай даярдык жүрүп келген болсо, так ошол нукта улана берерин айтышты.

Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата Журт” партиясы Өмүрбек Бабановдун “Республика” партиясы менен тандем түзүп, “Республика Ата-Журт” деген партия куралган.

Камчыбек Ташиевди “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкерин сабаган деген жүйөө менен БШК 28-сентябрда талапкерлик мандатынан ажыраткан. (ZB/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG