Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Обама Сирия боюнча Орусия жана Иран менен кызматташууну көздөйт


Барак Обама

Барак Обама

БУУнун Башкы жыйынында сөз сүйлөгөн Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама Сириядагы согушту токтотуу жаатында бардык тараптар, ал тургай Орусия жана Иран менен да кызматташууну көздөрүн билдирди.

Миңдеген кишилердин өлүмү жана кан күйгөн согуштан кийин мурдагы акыбалга кайтып баруу өтө кыйын. Сириянын президенти Башар Ассад – тиран. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жок кылынып, Сириядагы согуш бүтүп калса, Ассадга колдоо көрсөтпөө керек”, - деди Обама өз сөзүндө.

Обаманын айтымында, Вашингтон Орусияны өзүнөн алыстаткысы келбейт. АКШ лидери Украинадагы абал тууралуу да айтып, Орусияны кризисти дипломатия жолу менен Украина өлкөсүнүн кызыкчылыгына ылайыктап жайгарууга чакырды. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG