Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Ажылыктан 226 ирандык зыяратчы жерине кайтпай калышты


Reuters агенттигинин маалымдашынча, 24-сентябрдагы Минадагы ажылык сапары учурунда тебелендиде калып шейит кеткен ирандыктардын саны 226 кишиге жетти. Иран президенти Хассан Роухани Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясындагы иш сапарын токтотуп, каза тапкандардын тажиясына катышуу үчүн жерине кайтмак болду.

Ирандын ажылыкты уюштуруу боюнча башчысы Сайид Хади Tasnim news агенттигине дагы 246 ирандык зыяратчы дайынсыз экенин билдирген. Роухани Тегеранга 29-сентябрдын таңында кайтып келет.

24-сентябрда Мекенин Мина өрөөнүндөгү кырсыктан каза тапкан зыяратчылардын саны 769 жетти. (BCh)

XS
SM
MD
LG