Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

“Ата Мекен” талапкери Орусия жараны экени айтылууда


“Ата Мекен” партиясынан парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкер Алишер Маданбеков 7 жылдан бери Орусиянын жараны экенин “Фергана” агенттиги жазып чыкты. Маалыматта буга чейин мигранттардын укугун коргоп келген Маданбеков 2007-жылы ноябрда Москва облусунун Истринск районунан жарандыкты алганы жазылган.

“Ата Мекен” партиясынын басма сөз катчысы Кайыргүл Урумканова талапкер Маданбеков буга чейин чын эле Орусиянын жараны болгонун тастыктады. Бирок ал 28-августта Орусиянын Миграциялык кызматына арыз берип, жарандыктан ажыратылган.

Мыйзамга ылайык, депутат болуу үчүн Кыргызстандын гана жараны болуу зарыл. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG