Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Москвада 7-кабаттан кулаган Канайым операцияга муктаж


Зордуктамакчы болгон жердешинен качам деп 7-кабаттан кулаган Канайымдын жамбаш сөөгү катуу жаракат алган. Дарыгерлер анын абалы оор экенин айтышып, тез арада операция жасоо зарылдыгын билдирүүдө. Дарыгерлер менен Канайымдын жакындарынын айтуусунда, операцияга 600 миң рубль керек.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрда телефон аркылуу үй тазалоо үчүн берилген дарекке барган 20 жаштагы Канайым Абсамат кызы зомбулукка туш болгон. Ал качууга аракет кылып, терезеден кулаган. Зордуктоого аракет кылды деген Шавкат Акимов камакка алынып, ага Орусиянын Кылмыш кодексинин 131-132-беренелери боюнча айып тагылды.

Канайымга жардам берүүнү каалагандар үчүн энеси Гүлшандын телефон номуру: +7 926 367 50 34, "Сбербанк" картанын номери: 4081 7810 4382 9614 1651 (Гүлшан Абдиманапова М. картасы) (LzT/КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG