Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Саясий партиялар менен жарандык уюмдардын меморандумуна кол коюлат


Бүгүн Бишкекте парламенттик шайлоого талапкер саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоону тынч, акыйкат жана таза өткөрүү боюнча Улуттук кеңеш менен эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшат. Бул тууралуу “Азаттыкка” кеңештин төрагасы Турсунбек Акун билдирди.

Анын айтуусунда, партиялар добуш сатып албоо, акча, белек-бечкек таратпоо милдеттенмесин алышат. Мындан сырткары Улуттук кеңеш шайлоонун таза өтүшүнө байкоо салып, утуп чыккан партиялардын үгүт маалында берген убадаларынын аткарылышын көзөмөлгө алат.

Парламенттик шайлоону көзөмөлгө алуу боюнча Улуттук кеңеш 2014-жылдын 9-декабрында түзүлгөн. Анын курамы 13 адамдан турат. Кеңешке илимпоздор, мурда жооптуу кызматта иштегендер жана коомдук ишмерлер мүчө болуп киришкен.

Ушундай эле максатта партия лидерлери бүгүн “Таза шайлоо” ассоциациясы менен да меморандумга кол коюшат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG