Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Шлосберг мандатын кайтарып алуу үчүн сотко кайрылды


Орусиялык оппозициядагы "Яблоко" партиясынын мүчөсү Лев Шлосберг “Кайра жаралуу” социалдык долбоорлоо бей өкмөт уюмунун сотуна мыйзамсыз катышкан деген жүйөө менен 24-сентябрда депутаттык мандатынан ажыратылган. Ал мындай чечим федералдык жана аймактык мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынганын белгилеп, Псков шаардык сотко арыз жазды. Бул тууралуу “Яблоко” партиясынын маалымат кызматы билдирди. Ал эми партиянын лидери Сергей Митрохин Шлосбергди мандатынан ажыратуу чечими губернатор Андрей Турчактын басымы алдында кабыл алынганын айтып чыккан.

Буга чейин оппозициядагы "Яблоко" партиясынын мүчөсү Лев Шлосберг Украинадагы согушта курман болгон эки аскердин көмүскө көмүлүшүн жарыя кылгандан кийин белгисиз адамдар тарабынан катуу сабалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG