Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Путин “ИМге” каршы коалиция түзүүнү сунуштады


Орусия президенти Владмир Путин антитеррористтик кеңири коалиция түзүүнү сунуштап, анын башында мусулман өлкөлөрү турушу керектигин билдирди. Мындай пикирин ал Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын юбилейлик саммитинде жарыя кылды.

-“Ислам мамлекетинин” таасиринин кеңейиши кооптуу жагдай жаратууда. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга чыдап туруу мүмкүн эмес болуп калды”, - деп айтты Путин.

Путин өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко каршы күрөшүүнү жөнгө салуу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы кабыл алынышы керектигин белгиледи. Сирия бийлиги менен ушул багытта кызматташуудан баш тартуу чоң жаңылыштык экенин кошумчалады.

АКШ президенти Барак Обама менен Путин Украина жана Сирия кризиси боюнча карама-каршы пикирди билдиришти. Маалымат каражаттары Башкы ассамблеянын жыйынында эки лидердин пикирлеринин кайчы чыгып калышын алардын кайым айтышуусу катары жазышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG