Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Добуш берүү учурунда сүрөткө тартууга тыюу салынат


Ошондой эле чөнтөк телефон, авторучка колдонууга да уруксат берилбейт. Бул маалыматты 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев шайлоого даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынында ырастады.

Сарпашев добуш берүүчү участокторго шайлоочулардын идентификациясын аныктоочу аппараттар 30-сентябрда алынып келерин да билдирди. 1-вице-премьер-министр облустардагы өкмөт өкүлдөрүнө жана акимдерге тапшырма берип, алдыдагы төрт күн ичинде бардык шайлоо участокторунун даярдыгын текшерүүнү, кемчиликтери болсо жоюуну милдеттендирди:

-Операторлор отурчу жер, маалымдама борбору, добуш берүү кабиналары шайлоочулар үчүн ыңгайлуу болсун. Участокто электр энергиясы менен тиешелүү жабдыктарды толук түрдө электр энергиясы менен камсыздоо жагына көз салгыла.

Тайырбек Сарпашев бул шайлоого дүйнөлүк коомчулук кулак түрүп, кунт коюп карап турганын белгилеп, шайлоону өткөрүү даярдыгы жогорку деңгээлде болуусу керектигин тапшырды.

4-октябрда Кыргызстанда 2374 добуш берүү участогу иштейт. Анын ичинен 39 шайлоо участогу Бишкек жана Ош шаарларында кошумча ачылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG