Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

“Азаттык” партиясы КСДП үгүтү боюнча БШКга кайрылды


Парламенттик шайлоого талапкер “Азаттык” партиясынын жетекчиси Исмаил Исаков Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) үгүт жарнамалары боюнча чара көрүүнү сурап Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Анда КСДП “Президентти колдойлу!” деген чакырык колдонуп, Баш мыйзамды бузуп жатканы белгиленет.

Азырынча БШК бул маселеге позициясын билдире элек.

Кайрылуунун нускасы өкмөт башчы Темир Сариевге да жиберилген.

Мыйзам боюнча мамлекет башчы эч бир партияны жандабай, шайлоо учурунда бейтарап болушу керек.

КСДПнын “Президентти колдойлу!” деген жарнамалары 28-сентябрдан тарта илине баштаган. Партиянын Бишкектеги штабынан мамлекет башчы КСДПны менин партиям деп ачык эле айтып жүргөндүктөн муну үгүткө колдонуп жатышканын билдиришти.

“Азаттык” партиясынын “Азаттык” радиосуна тиешеси жок. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG