Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Коалиция: Ташиевге карата БШК чечими шашылыш чыгарылган


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тараткан билдирүүгө ылайык, “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди шайлоодон четтетүү боюнча Боршайкомдун 28-сентябрдагы чечими эртелеп, шашылыш чыгарылган. Билдирүү ээлери Ташиевдин башка бир партиянын талапкерин сабаганы далилдене элек, бул боюнча тергөө да аяктай электигин белгилешүүдө. Коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова буга бир нече себептер бардыгын "Азаттыкка" санап берди:

-Биринчиден, Башмыйзам боюнча күнөөлүү деп айтылган адам анын күнөөсү мыйзамга ылайык далилденмейинче жана сот чечими күчүнө кирмейинче, күнөөлүү деп эсептелбейт. Ташиевдин иши боюнча кылмыш иши козголду, БШК мындан ары мыйзам боюнча тергөө жүрүп, сот чечими чыгуусун күтүүгө тийиш болчу. Экинчиден, Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамда БШКга талапкерлерди четтетүүгө укук берген негиздемелер бар. Ал эми адамдын айыптуулугун аныктоо жана кароо күч жана сот органдарынын иши.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы башка саясий партияларды да шайлоо алдында кол коюшкан этикалык кодексти сыйлоого жана карманууга чакырууда.

28-сентябрда БШК “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди шайлоодон четтетүү боюнча чечим кабыл алган. Ага Ташиев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкери Абдыманап Абдыбахаповду сабаганы негиз берген. Ташиев өзү муну атайын жасалган чагым деп баалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG