Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Нарында секелек кыздардын футбол фестивалы өттү


Кыргызстан футбол федерациясы менен Нарын облустук футбол федерациясы биргелешип 10-14 жаштагы кыздар арасында спорттук фестиваль уюштурду. Анда машыктыруучулар кыздарга футбол ойноо эрежелерин үйрөтүштү.

Бүгүн Нарын шаарында өткөн фестивалга 8 мектептен 250 кыз катышты. Алардын баарына спорттук кийим жана мектептерге топ белекке берилди. Ушундай эле иш чара эртең Ат-Башы районунда өткөрүлөрүн уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлашты.

Мындай фестиваль буга чейин Баткен жана Таласта уюштурулган. (SE\MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG