Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Бишкектин жанында бардык талаптарга жооп берген касапкана курулду


Бишкекке жакын жердеги Лебединовка айылына курулган касапкана санитардык жана башка эрежелерге жооп берет. Анда союлган малдын эттери Казакстанга жана Орусияга сатылмакчы. Бүгүн касапкананын ачылышына өкмөт башчы Темир Сариев барып катышып, касапкана этти сыртка экспорттоодон тышкары, аны кайра иштетүүчү ишканаларды да сапаттуу сырье менен камсыз кылууга тийиштигин белгиледи.

Мал союучу жерди тиешелүү жабдыктар менен Түркия камсыздоодо. Ушундан улам ачылышка Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Кылыч Метин да катышып, мындай касапканалар Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө олуттуу кадам деп айтты.

Касапкана Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фонду жана “БТ Инновейшнс” насыя фонду тарабынан каржыланган. Ал жер 50гө жакын кишини жумуш менен камсыз кылат. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Казакстан, Орусия жана ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөргө Кыргызстандын эт жана эт азыктарын сатууга тыюу салынган. Буга өлкөдөгү эпизоотикалык абалдын начардыгы себеп болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG