Парламенттик шайлоого байланыштуу Кыргызстандын аймагында 1-октябрдан 6-октябрга чейин милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, күч кызматкерлерине элдик кошуун өкүлдөрү көмөктөшөт. Жол кайгуул кызматкерлери да коопсуздукту көзөмөлдөөнү жүргүзүшөт.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда.
Буга чейинки шайлоолордо добушканаларда тарапма-тарап болуп мушташкан учурлар болгон. (SE)