Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Ооган күчтөрү Кундузду кайра алуу операциясына киришти


Кундузга келген кошумча күчтөр. 29-сентябрь, 2015-жыл.
Кундузга келген кошумча күчтөр. 29-сентябрь, 2015-жыл.

Коргоо министрлиги билдиргендей, Кундуздагы операция ал жерге кошумча күчтөрдүн келиши менен башталды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, коопсуздук күчтөрү ушу тапта Кундуздун түрмөсүн жана полиция имараттарын Талибандан кайра алды.

Ал эми НАТОнун өкүлү америкалык аскерий учактар Кундуздун тегерегинде аракеттенип жаткан ооганстандык жана коалициялык күчтөргө туулган коркунучту жоготуу үчүн Талибандын турумдарына абадан сокку урганын маалымдады.

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарын Талибан кечээги чабуулдарынын аркасында басып алган.

Бир нече саатка созулган уруштан кийин талиптер өкмөттүк имараттарды ээлеп, түрмөдөн жүздөгөн адамдарды бошотуп жиберген соң расмий адамдар жана аскерлер шаардын аэропортун көздөй чегинген.

Бул провинция борборунун акыркы он төрт жылда Талибандын колуна алгачкы ирет өтүп кетиши болду. (UE)

XS
SM
MD
LG