Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Бишкекте күч кызматтарынын ардагерлери митингге чыкты


Алар бир нече жылдан бери ала албай келе жаткан кошумча азык акысын төлөп берүү чечимин ишке ашырууну Жогорку Соттон талап кылышты. "Татыктуу жашоо жана катарыбыздын тазалыгы үчүн" деп аталган демилгелүү топтун жетекчиси, полковник Анвар Сартаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ардагерлер Жогорку Соттон мыйзамдуулукту талап кылышты.

Анын айтымында, нааразылар өкмөттөн ардагерлер үчүн кошумча акы төлөө боюнча мурда бардык сот бутактарын утуп чыгып, тиешелүү чечимге ээ болушкан. Бирок сот системасы биз эмес, бизге кошумча азык акысын төлөп бербей келе жаткан Финансы министрлигине жан тартып аткандай сезилет дейт Анвар Сартаев.

Ардагерлер Жогорку Соттон кийин өз укугун коргоп берүүнү өтүнүп, адам укуктары боюнча эл аралык сотторго кайрылмакчы.

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери кошумча азык акысын берүүнү талап кылып, бир нече жылдан бери нааразылык акцияларын уюштуруп келе жатат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG