Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Коалиция: БШК саясий партияларга калыс мамиле жасабайт


Мындай пикирин “Азаттыкка” “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди.

Ошурахунова 28-сентябрда БШК “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасын талапкерлик мандаттан ажыратуу атаандаш партия өкүлүнүн сабалышы тууралуу факт боюнча козголгон кылмыш ишке негизделгенин белгиледи. Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясы Башкы прокуратура айыбын коюп, талапкерликтен четтетүүнү өтүнгөн Игорь Чудиновду, Карганбек Самаковду, Искендербек Айдаралиевди мандатынан ажыратуудан баш тарткан.

БШК “Азаттык” партиясынын үгүт жарнагында жаш баланын сүрөтү турганы үчүн партияга эскертүү берип, аларды алдыртып салганы менен, КСДПнын үгүт жарнактарындагы балдардын сүрөттөрү боюнча эч кандай чара колдонгон жок. Мындан тышкары теледебаттарда да теңсиздик орун алып жатканын укук коргоочу белгиледи:

- КТРКдагы саясий дебаттар учурунда журналисттер тарабынан да кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрүнө далилденбеген маалыматтарга чегерилген суроолор берилип жатса, КСДПнын өкүлдөрүнө жакшы деген гана суроолорду берип жатканын белгилөөгө болот. Бул дагы парламенттик шайлоонун талапкерлерине теңсиз мамиле жасалып жатканын көрсөтүп турат.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы БШКнын “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди талапкерлик мандаттан ажыратуу тууралуу 28-сентябрдагы чечимин сынга алган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG