Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

“Майдан” гезити: Салимбай "байбача" тууралуу такталбаган кабар жазылган


Коомдук-саясий “Майдан” гезити парламенттик шайлоого аттанган “Кыргызстан” партиясынын өзбекстандык ишкер жана кримтөбөл делген Салимбай Абдувалиев менен алакасы тууралуу макала такталбай жазылганын маалымдады.

Жакында аталган басылма “Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин бири Шаршенбек Абдыкеримов Салимбай Абдувалиев менен алака түзүп, ал аркылуу өзбек тектүү электоратка таасир этүүсү мүмкүндүгүн жазган. Гезиттин 29-сентябрдагы санында бул тема кайра иликтенип, далилденбегени тууралуу кабар жазылды. Анда журналисттер да “кара пиардын” куралына айланып жатканы белгиленген.

Ал арада өзбек ишкери жана кримтөбөлү делген Салимбай Абдувалиевдин өкүлү "Кыргызстан" партиясын жана өзбек диаспораларынын мүчөлөрү менен жолугушуп, шайлоо темасын талкуулаганы тууралуу тасма тарады. (SE)

XS
SM
MD
LG