Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Шайлоого келген эл аралык байкоочулар катталууда


Парламенттик шайлоого 40тан ашык эл аралык уюм байкоочу катары катышат. Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, байкоочу уюмдардын катарында КМШ миссиясы, ЖККУ, Түрк тилдүү кеңеш, Дүйнөлүк шайлоо органы, Түрк ПА, Еврокеңештин Парламенттик ассамблеясы жана башка уюмдар келишет. БШКнын маалымат катчысы Азиз Жабиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындан башка дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнөн шайлоого көз салуу үчүн байкоочулар келишет.

Эрежеге ылайык, эл аралык байкоочулар сөзсүз каттоодон өтөт, ал эми жергиликтүү байкоочулар каттоого турууга милдеттүү эмес. Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG