Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

Ноокенде прокуратура менен МАИ кызматкерлеринин мушташы иликтенүүдө


Ноокен районуна кире бериштеги арка.

Ноокен районуна кире бериштеги арка.

Жалал-Абаддын Ноокен районунун прокурорунун орун басары Жол кайгуул кызматкерин сабап койгону тууралуу маалымат тарады. Анын чоо-жайын облустук прокуратура кызматтык иликтөөгө алды.

Ноокен районунун прокурору Авазбек Каримов арыз түшкөнүн “Азаттыкка” бышыктап, иш иликтенип бүтмөйүнчө так маалымат берилбей турганын билдирди.

Кабарларга караганда, 27-сентябрь күнү Жол кайгуул кызматкери жол эрежесин сактабаганы үчүн “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Рулда прокурордун орунбасары болгон. Ал мас абалда экени, МАИ кызматкерин менен жаңжалдашып, аны сабап салганы айтылууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG