Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Жалал-Абадда Жол кайгуул кызматкерин унаа сүйрөп кетти


Жалал-Абад шаарында айнеги караңгылатылган машинелерге каршы жүрүп жаткан рейд учурунда жол кайгуул кызматкерин унаа сүйрөп кетти. МАИ кызматкери оор жараат менен ооруканага түштү.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 28-сентябрда болду. Рейдге чыккан кызматкер токтоп турган унаанын айнегиндеги караңгылатылган чыптаманы сыйрып жаткан учурда айдоочу машинени от алдырып, качып жөнөгөн. Жол кайгуул кызматкерин унаа менен 250 метрдей жерге сүйрөп барган.

Тартип сакчылары айдоочу кармалганын, ал өспүрүм экендигин билдиришти. Жабыркаган кызматкер шаардык оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG