Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Быйылкы сегиз айда Кыргызстандын эли 1,2% көбөйдү


Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2015-жылдын августуна карата өлкөдө 5 млн. 964 миң киши өлкөдө туруктуу жашаганы аныкталды. Быйылкы сегиз айда жарык дүйнөгө келгендер 91 763 ымыркай туулуп, ошол эле убакта 20 358 адам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Өлгөндөрдүн арасында бир жашка толо элек 1764 наристе бар. Өлгөн адамдардын 51% кан айлануу системасынын ооруларынан, 11% шишик ооруларынан, 6% тамак сиңирүү жана дем алуу органдарынын ооруларынан, калганы башка себептер менен көз жумган.

Төрөлгөн балдардын көптүгү боюнча Ош жана Баткен облустары алдыда, ал эми арткы орундарда Нарын жана Чүй облустары.

Бишкекте быйыл былтыркыга караганда дээрлик миң бала көп төрөлгөн.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG