Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Тажикстанда “Ислам кайра жаралуу” партиясы террордук уюм деп табылды


Мындай бүтүмдү бүгүн өлкөнүн Жогорку Соту чыгарып, буга чейин ишмердигине тыюу салынган бул партияны террористтик жана экстремисттик уюмдардын кара тизмесине киргизди. Бул чечимдин алдында бүгүн тажик бийликтери өлкөдөгү ишмердигине “Ислам кайра жаралуу” партиясынын адвокатын камакка алышкан эле.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Бузургмехр Ёров көз боёмочулук кылган жана жасалма документтерди колдонгон деп айыпталууда. Ал «Ислам кайра жаралуу» партиясынын тажик бийликтери коргоо министринин орун басарын козголоң чыгарды деп айыптаганга чейин ушул айда камалган мүчөлөрүн коргоп жаткан.

Коргоо министринин орун басары Абдулхалим Назарзода 16-сентябрдагы операция учурунда өлтүрүлгөн. Расмий Душанбе аны ай башында милиция бекеттерине жасалган кол салуу үчүн айыптаган.

Тажикстандын Юстиция министрлиги «Ислам кайра жаралуу партиясына» ишмердигин токтотууга өткөн айда буйрук берип, бул үчүн он күндүк мөөнөт чектеген. Бул мөөнөт 7-сентябрда аяктады.

Партиянын өлкөдөн четке чыгып кеткен лидери Мухиддин Кабири партиясына коюлган айыптарды четке кагып, анын саясий себеби бар болгонун айтып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG