Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Франция Африкада он театр курат


Франциянын Vivendi аттуу медиа тобу Африкада маданият жана эс алууну өнүктүрүү максатын көздөп, ачык асман алдында он театр курмай болду.

CanalOlympia деген аталыштагы театрлар концерттик зал, тасма көрсөтүүчү экрандын да милдетин аткарат жана курулуш иштери октябрдан тарта башталат.

Театрлардын алгачкысынын пайдубалы Гвинеянын борбору Конакри шаарында түптөлгөн, Конго жана Сенегалдын баш калааларында курулганы турат. Аталган медиа топ театрларга үн жаздыруучу студияларды, кийим-кечек бөлмөлөрүн куруп, жаңы көркөм өнөрчүлөргө шык берерин айтат. Париждеги атактуу Олимпиа концерттик залы театрлардын курулуусун көзөмөлдөгөн башкы кеңешчи болду. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG