Линктер

жума, 24-февраль, 2017 Бишкек убактысы 21:23

Сот Ташиевдин арызын үч күндүн ичинде карайт


Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Республика - Ата Журт” партиясынан талапкер Камчыбек Ташиевге байланыштуу арызды үч күндүн ичинде карайт. Партиянын арызы 29-сентябрда келип түшкөнүн аталган соттон “Азаттыкка” ырастады.

28-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика - Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкерине кол көтөрдү деген жүйөө менен шайлоого катышуу укугунан ажыраткан. Буга байланыштуу Ташиев Боршайкомду сотко берген.

Камчыбек Ташиев өзүнүн айланасында болгон окуяны “Республика - Ата Журт” партиясын атайылап шайлоо алдында каралоо аракети деп баалоодо. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG