Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Дэн Сяопин тууралуу китеп кыргыз тилине которулду


“Кытай кереметинин атасы” аталган Дэн Сяопин тууралуу анын кичүү кызы Маомао (Ден Жун) жазган “Маданий ыңкылаптын жылдарында” деген китеп кыргыз тилине которулду. Китепти которуу демилгесин “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду көтөрүп чыккан. Адабиятчы Абибилла Пазыловдун “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин Дэн Сяопин тууралуу айтылган расмий маалыматтардан сырткары кыргызстандык саясатчыларга да үлгү болчу көп сапаттары ушул китеп аркылуу ачылган.

Китепти адабиятчы Абибила Пазылов, публистчи Эсенбай Нурушев, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Бүгүн Бишкекте анын бетачары өтөт.

Бийликке 1976-жылы келген Дэн Сяопин - Кытайдагы экономикалык реформалардын баштоочусу. Ал ошондой эле Кытайдын саясий системасы кандайдыр бир деңгээлде либералдаштырылышына да салым кошкон. 1989-жылы Бээжинде студенттер демонстрациясынын күч менен басылышына Дэн Сяопиндин катышы бар деп эсептелет. Андагы толкундоолордун учурунда миңдеген адамдар мерт болгон эле. Өмүрүнүн соңку жылдары эч кандай мамлекеттик кызматтарды ээлебеген Дэн Сяопин 1997-жылы дүйнөдөн өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG