Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

"Биримдик-Кут" жаңы конушунун тургундары өкмөттөн жооп күтөт


"Биримдик-Кут" жаңы конушунун тургундары жер тилкесинин тагдырын чечип берүүнү өкмөттөн талап кылышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган жаңы конуштун тургундары билдирди. Алар өздөрүн жер ээлери деп эсептешет.

“Эгер жер мыйзамсыз бөлүнгөн болсо, анда эмнеге өкмөт 7 жыл карап турду? Биз үй салып алганча айтса болмок”, - дейт конуштун жашоочусу Аскар Аскарбеков.

Лебединовка айыл өкмөтүндөгү жер 2011-жылы сатыла баштаган. Жалпысынан 1800 жер тилкеси сатылып, ал жерге 700 үй тургузулган. Учурда Башкы прокуратура тарабынан жер камоого алынган. Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында өкмөт 2008-жылкы Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерин жер тилкесине айлантуу токтомун жокко чыгарды.

Бул ишке байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго каршы кылмыш иши козголгон. (KE\JM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG