Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Экс-президенттерден кол тийбестикти алуу сунушталууда


Юстиция министрлиги “Президенттин ишмердүүлүгүндөгү кепилдиктер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, экс-президенттердин кол тийбестик макамын алууну сунуштап жатат. Буга байланышту мыйзамдын долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды.

Мыйзам долбоору 2015 - 2017-жылдары антикоррупциялык саясат боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Азыркы мыйзамдын 12-беренесине ылайык, экс-президент мамлекетти башкарып турган убактагы аракеттери же аракетсиздиги үчүн кылмыш жана административдик жоопко тартылбайт. Ошондой эле ал жашаган үй, кызматтык имарат, колдонгон машинасын, ага тиешелүү болгон архивдик материалдар, байланыш булактарын тинтүүгө уруксат берилбейт.

Юстиция министрлиги экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу коррупцияга каршы күрөшүүдөгү башкы каражат болорун билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG