Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:57

Жогорку сот “КЭК” партиясын шайлоодон четтетүү боюнча арызды карайт


Жогорку сот “Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясын шайлоодон четтетүү боюнча арызды карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” жарандык активист Эрик Ирискулбеков билдирди. Анын айтуусунда, 19-августта партия Мамлекеттик тарых музейинде курултай өткөрүп, ижара акысы үчүн 10 миң сом төлөгөн. Бирок бул каражат партиянын шайлоо фондунан алынган эмес. “Муну менен партия мыйзамды бузууда”, - дейт активист.

29-сентябрда бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынынын күн тартибине киргизилип, соңку мүнөттөрдө кайра алынып салынган.

Ирискулбеков “Кыргызстан элдеринин конгресси” партиясын шайлоодон четтетүү боюнча БШК менен бирге сотко да арыз жазган. Бүгүн Жогорку сот бул ишти да карайт.

Мындан сырткары айрым жарандык активисттер Кыргызстан социал-демократтар партиясын (КСДП) шайлоодон четтетүү талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. Алар аталган партия үгүт чакырыктарына президентти аралаштырып жатканын мыйзам бузуу катары эсептешет.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева бул маселени учурда жумушчу топ карап жатканын “Азаттыкка” билдирди. Мыйзамга ылайык, БШК мыйзамды бузган партияларды шайлоо күнүнө беш күн калганга чейин четтете алат.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG