Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

“Ош жаңырыгынын” кабарчылары гонорар жоктугуна нааразы


“Ош жаңырыгынын” кабарчылары гонорар жоктугуна даттанууда

“Ош жаңырыгы” гезитинин кабарчылары тогуз айдан бери гонорар албай иштеп жатканын айтууда. Башкы редактордун орун басары Канымгүл Кыдыралиеванын бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, буга чейин акча бөлүүгө уруксат берген токтомго өкмөт кол койбой жатканы айтылып келген болсо, эми маселе Финансы министрлигинде деген жооп болууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү ээлик кылган “Ош жаңырыгы” гезити жумасына бир жолу 3-4 миң нуска менен 8 бет болуп чыгат. Кызматкерлеринин айлык акысы 4-6 миң сом. Гонорардын жоктугунан алар тогуз айдан бери ушул акчаны гана алууда. Кыдыралиеванын айтуусунда, гонорар менен кошо башка аймактарга чыгып макала жазуу үчүн бөлүнүүчү каражат да токтоп калган.

Гезит Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат департаменти аркылуу каржыланат. Аталган мекеме бул жагдай боюнча комментарийин бир аздан кийин берерин маалымдады.

Айрым кабарларган караганда, ушундай эле абал башка облустук гезиттерде да түзүлгөн. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG