Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

БШК: Партия президентти колдоорун билдирүүгө укуктуу


Шайлоого катышып жаткан саясий партия президентти колдоорун билдирүүгө укуктуу. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, КСДПнын үгүт материалдарындагы президентти колдоо чакырыгында мыйзам бузуу жок.

- Мыйзам боюнча партия гана эмес, жарандар да президентке колдоосун жарыялай алат. КСДП эле эмес, "Ата-Мекендин" талапкери Каныбек Иманалиев да Ысык-Көл облусунда эл менен жолугушуу учурунда президенттин багытын колдоорун билдирген. Ал "президентти колдосоңор, биздин партияны колдогула" дептир, - деди БШК башчысы.

БШК төрагасы КСДПнын үгүт материалдарындагы балдардын сүрөтү да мыйзам чегинде экенин айтты.

Буга чейин Боршайком "Азаттык" партиясына үгүт материалдарына балдарды тартканы үчүн эскертүү берген. (JM)

XS
SM
MD
LG