Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

БШК: Ташиев шайлоо мыйзамы бузулганы үчүн жарыштан алынды


Борбордук шайлоо комиссиясынын Камчыбек Ташиев боюнча чечими мыйзам негизинде кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди. Анын айтымында, Ташиевге "партиянын теңтөрагасы эмес, катардагы талапкер катары мамиле жасалды". "Чечим шайлоо мыйзамы бузулганына байланыштуу кабыл алынды. Себеби "Өнүгүү Прогресс" партиясынын кеңсесинде талкалоо болгону, үгүт баннерлери жулунганы далилденген факт" деди Бекбасаров.

Ал эми "Республика Ата-Журт" партиясынын сотко катышып жаткан расмий өкүлү Елена Жылкычиева БШК өз ыйгарым укугунан аша чаап жатканын айтууда.

"Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев 28-сентябрда Боршайкомдун чечими менен шайлооого катышуу укугунан ажыратылган. Буга 26-сентябрда "Өнүгүү Прогресс" партиясынын Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук штабында талкалоо болуп, талапкер Абдыманап Абдыбахапов сабалганы себеп болгон.

Факт боюнча кылмыш иш козголгон, бирок Ташиевге айып коюла элек.

БШКнын чечими милициянын маалыматынын негизинде кабыл алынган. Бүгүн Биринчи Май райондук соту бул чечимдин мыйзамдуулугун карап жатат.

Ташиев 2011-жылы парламентте депутат болуп турганда "Республика" партиясы аркылуу шайланып барган Алтынбек Сулайманов менен мушташа кетип, кийин экөө кайра элдешкен болчу. (SzD)

XS
SM
MD
LG