Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

“Менин атам Дэн Сяопин” китебинин бет ачары өттү


"Кытай кереметинин" демилгечиси, реформатору, 1970-жылдардан 1990-жылдарга чейинки Кытай Эл Республикасынын өнүгүшү үчүн зор салым кошкон Дэн Сяопиндиндин кызы Маомаонун “Менин атам Дэн Сяопин” китебинин кыргызчасы “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунун колдоосу менен жарык көрдү.

Китепти кыргыз тилине тарыхчы, адабиятчы, публицисттер Эсенбай Нурушев, Тынчтыкбек Чоротегин жана Абибилла Пазыловдор таржымалашкан.

Китептин мазмунун кызыктуу архивдик материалдар, Кытайдын жаңы тарыхынын көрүнүктүү ишмери Дэн Сяопиндин кызынын эскерүүлөрү түзөт. 1966-жылы Мао Цзэдундун демилгеси алдында башталган “маданий ыңкылап” жаралыш мезгилинен 70-жылдардын орто чениндеги ал демилгенин кыйрашына чейинки окуялар камтылган.

Бүгүн китептин бет ачар аземине Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, дипломаттар, интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

2000 миң нускада чыккан китеп өлкөнүн бардык облустарындагы китепканаларга, жогорку окуу жайларга бекер таратылат. (AzK)

XS
SM
MD
LG