Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Орус парламенти Сирияда аскер күчтөрүн колдонууга уруксат берди


Орус парламентинин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши президент Путинге чет өлкөдө аскер күчтөрүн колдонууга укук берди. Путиндин мындай уруксат сураган өтүнүчүн кеңештин 162 мүчөсү түгөл колдоп добуш берди.

Кремлдин администрация башчысы Сергей Иванов добуш берүүдөн соң бул чечим Орусия кургактагы аскерлерин Сирияда пайдаланууга жол ачпасын, тек гана аба күчтөрүн колдонууга уруксат берерин айтты.

Муну менен Орусия Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен күрөшүп жактан президент Башар Асаддын күчтөрүнө аскерий көмөк көрсөтө алат. Бирок Жакынкы Чыгыштагы айрым маалымат каражаттары Орусия Сирияда аскер аба күчтөрүн алда качан эле колдоно баштаганын жазып келет. Кремль бул маалыматтарды ырастаган эмес.

АКШ да буга чейин Орусия Сирияда аскерий кубатын чыңдап, ага катар президент Башар Асадга аскерий жардам көргөзүп жатышын сынга алып келген эле.

Федерация Кеңеши Путинге чет элде аскер күчтөрүн колдонууга акыркы жолу 2014-жылы уруксат берген. Ошондон кийин Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG