Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Шайлоо-2015: Партиялар элдик көзөмөл меморандумуна кошулууда


Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар "Шайлоону элдик көзөмөлдөө боюнча улуттук кеңеш" уюму менен меморандум түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" уюмдун жетекчиси Турсунбек Акун билдирди.

Меморандум уюмга шайлоонун калыс, таза, акыйкат өтүүсүн, добуш берүүдөн кийинки абалды көзөмөлдөө укугун берет. Турсунбек Акундун айтуусунда, бүгүнкү күнгө карата ага 5 партия кол койду. Алар - "Бир Бол", "Мекен ынтымагы", "Улуу Кыргызстан", "Замандаш" жана "Кыргызстан элдеринин конгресси".

- Кечинде "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынан Аскар Салымбеков менен, андан кийин КСДП менен кол койгону жатабыз, - деди Акун.

"Парламенттик шайлоону көзөмөлгө алуу боюнча улуттук кеңеш" уюму былтыр 9-декабрда түзүлгөн. Анын курамында Амангелди Муралиев, Султан Урманаев, Кусейин Исаев сыяктуу 13 белгилүү инсан бар. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG