Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Сот БШКнын Ташиев боюнча чечимин мыйзамдуу деп атады


Борбордук шайлоо комиссиясынын Камчыбек Ташиев боюнча чечими туура болгон. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.

"Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев 28-сентябрда Боршайкомдун чечими менен шайлооого катышуу укугунан ажыраган. Буга 26-сентябрда "Өнүгүү Прогресс" партиясынын Сузактагы штабында талкалоо болуп, талапкер Абдыманап Абдыбахапов сабалганы себеп болгон.

Факт боюнча кылмыш иш козголгон, бирок Ташиевге айып коюла элек.

БШКнын чечими милициянын маалыматынын негизинде кабыл алынган.

Бүгүн БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров сотто билдиргендей, "Боршайком чечими шайлоо мыйзамы бузулганына байланыштуу кабыл алынган, себеби "Өнүгүү Прогресс" партиясынын кеңсесинде талкалоо болгону, үгүт баннерлери жулунганы далилденген факт".

Ал эми "Республика Ата-Журт" партиясынын сотко катышып жаткан расмий өкүлү Елена Жылкычиева БШК өз ыйгарым укугунан аша чаап жатканын айтууда.

Ташиев 2011-жылы парламентте депутат болуп турганда "Республика" партиясы аркылуу шайланып барган Алтынбек Сулайманов менен мушташа кетип, кийин экөө кайра элдешкен болчу. (SzD/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG