Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Прокуратура Салянованын күйөөсүн жети жылга кесүүнү сурады


Мамлекеттик айыптоо мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровду 7 жылга кесүүнү сурады. Анын ишин бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту карады.

Адвокаттар мурда түзүлүп калган система Абыкапаровго каршы коюлуп жатканын айтып, мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүнө каршы чыгышты. Иш боюнча айыпталып жаткан башка жарандар да анын айыбы жок экенин билдиришти.

Бакыт Абдыкапаровго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгы ушул жылдын март айында “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып таккан. Ага УКМК мурда да “Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген”, “Көз боемочулук кылган” деген беренелер боюнча айып таккан болчу.

Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Ал эми Аида Салянова күйөөсүнө козголгон кылмыш иштерди өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган эле.

Кийинки сот жараяны 2-октябрда болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG