Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Быйыл Европага кирген мигранттар жарым миллиондон ашты


Сербия -- Сууктан коргологон качкындар. Белград, 29-сентябрь, 2015.

Сербия -- Сууктан коргологон качкындар. Белград, 29-сентябрь, 2015.

Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда, жыл башынан бери Европа аймагына жарым миллиондон ашуун бозгун-мигрант кирген. Бул өткөн жылга салыштырганда эки эсеге көп. Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча башкармалыгы Жер ортолук деңизи аркылуу Европага 315 миңдей качкын киргенин кабарлады. Алардын 383 миңи Грецияга, калган 129 миңи Италияга келген. Алар андан ары Европа Биримдигинин байгер өлкөлөрүн көздөй сапар тартышат. Деңиз аркылуу Европага өтүүгө аракеттенген 2980 адам өлгөн же дайынсыз жоголгон.

Европага кирүүнү самаган качкындардын көпчүлүгү сириялыктар. Сирияда согуш башталган 2011-жылдан бери төрт миллиондой адам "өз үй, өлөң төшөгүн" таштап, башка өлклөдөн жай турмуш издеп кетүүгө аргасыз болгон. Дагы жети миллиондон ашуун адам өлкө ичинде орун которгон.

Европа өлкөлөрү болсо күн санап миңдеп кирип жаткан мигранттарды бөлүштүрө албай убара.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG