Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Чек араны бузган өзбек аскери Өзбекстанга өткөрүлүп берилди


Чек араны бузуп, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирип келген өзбек чек арачысы эки тараптуу жолугушуудан кийин Өзбекстанга өткөрүлүп берилди. 28-сентябрь күнү ал Кыргызстандын аймагына 10 метрге чейин мыйзамсыз кирип кетип, жергиликтүү тургундардын колуна түшкөнүн Чек ара кызматы кабарлоодо.

Чек арачы менен жергиликтүү тургундар кармаша кеткен. Жыйынтыгында эки кыргыз жараны жана өзбек чек арачысы жеңил жараат алган. Окуя болгон жерге кыргыз чек ара наряды келип, жараат алгандарга алгачкы медициналык жардам берилген.

Ошол эле күнү окуяга байланыштуу кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрү жолугуп, кыргыз тарап Өзбекстандын аскер кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек араны бузууга жол берилбеши керектигин белгилеген.

Окуянын себептери иликтенүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG