Караганды облусунун 30 жаштагы тургуну Орозбек Апакашев өлкөдө тыюу салынган "Таблиги жамаат" диний уюмуна аралашкан деген айып менен үч жылга соттолду. Соттогу материалдарга караганда, ал 2008-жылы аталган уюмга кошулган соң Пакистандын Лахор жана Карачи шаарларына дааватка да барып келген.
"Таблиги жамаат" диний уюму 1926-жылы Индияда негизделген. Акыркы 20 жыл ичинде бул уюм Борбор Азия өлкөлөрүндө да ишмердигин жайылта баштаган.
Казак соту 2013-жылы бул диний уюмду экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган. Аталган диний уюмдун ишмердигине кошуна Орусия, Өзбекстан жана Тажикстанда да тыюу салынган.