Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, парламенттик шайлоого көз салуу үчүн 611 байкоочу каттоодон өттү. Байкоочуларды каттоо бүгүн, 1-октябрда жыйынтыкталат. Маалыматка караганда, ушул күнгө карата Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунан 256, КМШдан 136, Шайлоочулардын эл аралык ассоциациясынан 55 байкоочу шайлоо өнөктүгүнө көз салууда.

Боршайкомдун маалыматында республика боюнча жалпысынан 2 миллион 761 миң 297 шайлоочу катталды. Кошумча тизмеге Ош шаарында 27 миң, Бишкекте 79 миң 195 жаран кирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG